7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жатат

1730

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи толкун 2020-жылдын июнь-июль айына туш келип, бир суткада 1600 адам илдет жуктурган учур болгон. Экинчи толкун октябрь-ноябрда болуп, бир сутка ичинде жуктургандардын саны 600гө жеткен.

«Учурда үчүнчү толкун байкалып жатат. Жети күндүн ичинде коронавирус жуктургандардын саны миңден ашты. Өткөн жылы Кыргызстанда «британиялык» штамм жок болчу. Үстүбүздөгү жылдын март айында Новосибирскидеги лабораторияга үлгүлөрдү жибергенбиз. Натыйжада анын 44 пайызынан «британиялык», 39 пайызынан «россиялык» жана «түштүк африкалык», «индиялык» штаммдар табылган», — деди Рахматуллаев.

Эскерте кетсек, министрдин орун басары санитардык нормалар жакшы сакталбаса, статистика өсө турганын кошумчалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1731