Ош шаарында 6-июнь күнү 17 жаштагы баланы сабап, травматикалык курал менен атууга шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июнда Ош шаарынын нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын дарыгеринен билдирүү келип түшкөн. Ал Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну белгисиз 4 адам тарабынан сабалып, жаракат алгандыгын кабарлаган. Ыкчам тергөө тобу чыгып, жабыркаган А.У.га алгачкы иликтөө жана сурак иштерин жүргүзгөн учурда ал белгисиз 4 бала сабап, травматикалык курал менен денесине жарат келтиргенин айткан.
Аталган факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык ) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош облусунун 2002-жылы туулган тургундары Ю.Р. жана 2005-жылы туулган тургундар И.Б., Х.Х. кармалды. 2002-жылы туулган Ю.Р.нын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. 2 шектүүнүн жаш курагы эске алынып, үй камагына алынды.
Учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.