7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам урдоого жана каракчылыкка шектелгендер кармалды

520

ИИМдин ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында адам урдоого жана каракчылыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган. Ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган: 1983-жылы туулган жаран С.К., Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон. Экинчи жаран 1983-жылы туулган У.Ч.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202 беренеси (Каракчылык) жана 170 (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эскерте кетсек, кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

521