Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Улан Азыгалиев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюуга айыпталып кармалды. Ал жеке курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерди берип, жакын туугандарына мүлктөрдү каттатып жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкек шаарынын жетекчи кызматында иштеген мурдагы мэри «А.У.Ш.» жана анын структуралык бөлүмдөрү, кызматтык абалдарынан пайдаланышып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, ыйгарым укуктарга ээ болгондуктан, өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды. Учурда кылмыш иши боюнча мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат» -деп жазылат.
«А.У.Ш.» жакын туугандарына, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунан
- 7 жер тилкеси,
- 11 кызматтык жайлар,
- 4 турак жай,
- 11 батир,
- 10 унаа токтотуучу жай,
- Ысык-Көл облусунда 2 коттедж,
- 5 жогорку класстагы унааларды өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан.
Улан Азыгалиевдин жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, 100 миллион сомдон ашык бааланган.