7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда мунайзаттарды жүгүртүүгө көзөмөл күчөтүлөт

414

Кыргызстандын министрлер кабинети товарларды көзөмөлдөө жана эсепке алуу, мунай продуктуларын ташууга, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча токтомуна өзгөртүү киргизди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бардык май куюучу станциялар, май куюучу жайлар жана мунай базалар мындан ары салык органдарына күйүүчү майдын запасы жана ташуу көлөмү боюнча ай сайын маалыматтарды, ошондой эле күйүүчү май бөлүштүргүчтүн эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүн берип турууга милдеттүү.

Мындан тышкары, салык органдары мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу, кампалардагы жана май куюучу станциялардагы мунай продуктуларынын калдыктарын электрондук маалыматтар менен салыштырып такай өлчөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

Күйүүчү май менен болгон бардык транзакциялар атайын маалыматтык системада катталат. Жаңы эрежелер 2025-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.

 

415