7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке мектептерге лицензия берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөт

441

Билим берүү министрлиги “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында лицензия берүүнү жөнөкөйлөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Атап айтканда:
— Жеке мектептер тууралуу керектүү маалыматтар “Түндүк” системасы аркылуу алынуучу автоматташтырылган система иштелип чыгууда. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаменти жана ӨКМдин корутундулары система аркылуу 3–7 иш күнүнүн ичинде алынат.
— Окуу планына аймактык билим берүү органдарынын макулдугу талап кылынбайт.

-Лицензия берүү комиссиянын катышуусуз ишке ашат (мурун комиссиянын иши 10 күнгө чейин созулчу) жана лицензиялык кеңештин чечимин күтүүнүн кереги жок болот (анын жыйындары айына 1–2 жолу өтчү). Эгер документтер талаптарга жооп берсе, лицензия автоматтык түрдө берилет.

— Арыз каралган мөөнөт 30 күндөн 15–20 күнгө  чейин кыскартылат.
— Мамлекеттик кызматкерлер менен физикалык байланыштын азайышы коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө шарт түзөт.

442