Бүгүн, 21-январдан тарта «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев демилгеледи.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө багытталган:
- алкоголдук ичимдиктерди колдонууну азайтуу;
- калктын ден соолугун коргоо;
- коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу.
Документте алкоголду ашыкча колдонуу жарандардын ден соолугуна жана социалдык туруктуулукка терс таасирин тийгизген жана кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келген негизги социалдык жана медициналык көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканы баса белгиленет.
Атап айтканда, мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр каралган:
- түнкү сааттарда алкоголдук ичимдиктерди чекене сатуу убактысын чектөө;
- алкоголду адистештирилген мекемелерде — ресторандарда, барларда, кафелерде жана атайын лицензиясы бар дүкөндөрдө гана сатууга уруксат берүү;
- башка соода түйүндөрүндө алкоголду түнкүсүн сатууга тыюу салуу.
Демилгечинин пикири боюнча, мындай чаралар мас абалында жасалган кылмыштардын, үй-бүлөлүк жана көчөдөгү зордук-зомбулуктардын, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартууга мүмкүндүк берет.
Келтирилген маалыматтарга ылайык:
- Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук окуяларынын болжол менен 75 пайызы мас абалында жасалат;
- 2019-жылы ИИМ үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 159 арыз каттаса, анын 70 пайызы ичкиликке берилген үй-бүлөлөрдө болгон;
- 2024-жылдын башынан бери мас абалында унаа башкарган 3 754 айдоочу аныкталган, анын ичинен 65и жол кырсыгына себепкер болуп, натыйжада 117 адам жаракат алып, эки адам каза болгон.
Мыйзам долбоору менен алкоголдук продукцияны жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
- Алкоголду чекене сатууга тыюу салынган жерлердин тизмеси кеңейтилет.
- Калктуу конуштардын борбордук аянттарында, ошондой эле парктардын, бакчалардын, скверлердин, эс алуу зоналарынын жана оюн-зоок комплекстеринин (анын ичинде аттракциондор паркынын) аймагында жана алардын чек арасынан 100 метр радиуста сатууга тыюу салуу сунушталат.
- Түнкү саат 23:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин алкоголдук ичимдиктерди чекене сатууга тыюу салынат.
Түнкү тыюу салуудан төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр белгиленген:
- коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүдө айыл чарба товарларын өндүрүүчү уюмдар, фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер тарабынан сатуу;
- коомдук тамактануу жайларында жеке ишкерлер тарабынан сыра, сыра суусундуктарын, сидр, пуаре жана бал суусундуктарын сатуу;
- бажы биримдигинин чегинен тышкары чыгып жаткан жарандар үчүн алымсыз соода дүкөндөрүндө (duty free) сатуу.
Мыйзам долбоорунун авторлору мындай чектөөлөрдү киргизүү эл аралык тажрыйбага шайкеш келерин жана ичкиликке байланыштуу социалдык тобокелдиктерди азайтуунун натыйжалуу чарасы болорун белгилешет. Мисалы, Россияда жана Казакстанда алкоголду түнкүсүн сатууга тыюу салынган, ал эми Финляндия менен Швецияда күчтүү ичимдиктер мамлекеттик дүкөндөр аркылуу гана жана белгиленген убакытта сатылат.



