7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда VAR-системасы алгачкы жолу расмий колдонулду

475

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда 1ХВЕТ Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын алкагында орун ала турган «Мурас Юнайтед» — «Дордой» беттеши орун алып, анда Кыргызстандын чемпионаттар тарыхында алгачкы жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулду.

Буга чейин КФБ көп этаптуу даярдык жана системаны сыноодон өткөргөндөн кийин ФИФАдан VAR-ды Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда колдонуу үчүн уруксатын алган.

Бүгүнкү беттеш Өзбекстандык жана ата-мекендик адистер тарабынан тейленди.

Ал эми, аталган стадиондо Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын (БАФА) 20 жашка чейинки курама командалар арасында 5-июлда старт ала турган эл аралык мелдешинде калыстарга видео жардам системасы колдонулат. Аталган система БАФА чемпионаттар тарыхында да биричин жолу иштейт.

 

476