Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Иорданиянын Амман шаарында жаткан Азия чемпионатында (U-23) алтын медалга ээ болду.
Спортчу үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди.
Чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону аталды.