7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер лицензияланышы мүмкүн

636

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерди лицензиялоону киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бардык каттамдардын ичинен автоунаа каттамдары 95-97 пайызды түзөт.

“Ири жол кырсыктары облустар аралык жана борбордук шаарларга барган жолдордо катталууда. Айдоочулардын басымдуу бөлүгү жүргүнчү ташуучулар. Учурда жеңил унаада жүргүнчүлөрдү ташуу патент менен жүрөт. Лицензиялоо кирсе мамлекет тарабынан жоопкерчилик жана көзөмөл болот”, — дейт ал.

Саркулов лицензиялоодо жол кырсыгы катталган учурда жүргүнчүнүн ден соолугун камсыздоо системасы киргизилерин белгилейт.

“Ошол эле учурда айдоочу лицензиялоонун эрежесин бузган учурда аны кайтарып алса болот жана ал айдоочу мындан ары жүргүнчү ташый албай калат. Учурда лицензиялоонун эрежесин иштеп жатабыз. Жарандар дагы 0312 63 09 00 номери аркылуу кайрылып, сунуш-пикирлерин калтыра алат”, — деп айтты Саркулов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637