Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 652 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 652 миллион метр кубду түзгөн.
Ошондой эле суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 140 метр куб, агып чыгышы 538 метр кубду түзүүдө.