7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте №115 “Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалы ачылды

982

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы №115 “Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалы ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басарлары жана бала бакчанын жетекчилиги катышты.

Балдар бакчасы 250 орунга ылайыкташкан, анда төрт тайпа болот: даярдоочу, жогорку, орто жана кенже тайпалар.

“Балдар биздин келечегибиз. Биздин бүгүнкү аракетибиз алардын келечектеги пайдубалы. Биздин жаңы балдар бакчасы балдар үчүн экинчи үйү болуп калат деп ишенем”, — деди министр.

Эскерте кетсек, 3-декабрда Шакиров көчөсү, 4 дарегинде No115 «Наристе» бала бакча бакчасынын филиалы ачылган.

Ошондой эле “Наристе” балдар бакчасынын жаңы филиалы Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана балдар бакчасынын жетекчилигинин колдоосу менен пайдаланууга берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

983