7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги Агрардык университети атын өзгөртүп, жаңыланууну көздөөдө

657

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык технологиялар жана биомедицина университети деп өзгөртүүнү көздөөдө. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинин токтому коомдук талкууга чыгарылды.

Башкача айтканда, университет «өлкөнүн жогорку окуу жайларында жана илиминде агро-инновациялык технологияларды жана биомедицинаны мындан ары өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн» шарттарды түзүүнү каалайт.

Ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окумуштуулары КЭРден келген кесиптештери менен биргеликте илимий-инновациялык агротехнопарктын биргелешкен долбоорун иштеп чыгышкан. Аардын негизги максаты — айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык агротехнологияларды киргизүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн көйгөйлөрүн чечүү.

«Өлкөдө вирусолог, иммунолог, биотехнолог жана селекционер сыяктуу биологиялык коопсуздук маселелерин чечүүчү негизги адистер жетишсиз. Бул көйгөй коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө иш жүзүндө тастыкталды. Учурда К.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы мектепте вирусологдор, эпидемиологдор, эпизоотологдор жана биотехнологдор билим алышат, демек  бул окуу жайдын базасында биомедицина жана биотехнология боюнча адистерди даярдоого болот», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658