Кыргызстанда жаңы коммерциялык банк – «Берекет Банк» пайда болду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, бул өлкөдөгү 22-коммерциялык банк болду.
«Берекет Банк» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы болуп Жаркынбек Сагындыков дайындалды.
Анын банк тармагында олуттуу иш тажрыйбасы бар:
- 2024-жылдын июнь айында «Бай-Түшүм» банкы башкармалыгынын биринчи орун басары болуп дайындалган;
- 2024-жылдын сентябрь айында Улуттук банк анын «Бай-Түшүм» банкы башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна талапкерлигин жактырган;
- Буга чейин «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.
8-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкы «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия бергенин билдирген.
Банкты түзүүгө уруксат берүү чечими Улуттук банк башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.



