Кыргызстандын жогорку соту тарабынан реалдуу соттук отурумдарды ачык видео трансляциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул ар бир жаранга сот адилеттигинин кандайча иштеп жаткандыгын жеке өзү байкоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маанилүү кадам.
2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталды. Долбоор Кыргызстандын жазык кодексинин жаңы жоболорун ишке ашыруунун жана мамлекеттик кызматты дебюрократиялаштыруу чараларынын алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесин практикалык жүзөгө ашыруу, процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ачык сот отурумдарын трансляциялоо — сот системасынын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы деңгээли. Бул ыкма укуктук маданиятты жогорулатууга, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө жана коомдо укук бузуу фактыларынын алдын алууга жардам берет.
Бардык сот отурумдарынын видеожазуулары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун YouTube-каналына — «Жогорку сот Верховный суд» www.youtube.com/@JOGORKU_SOT) жеткиликтүү түрдө жайгаштырылат. Бул өз кезегинде каалаган адамдарга соттордун ишинин чыныгы практикасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетүүчү жагдай, видеоматериалдар пилоттук режимде даярдалган жана агартуу максатын гана көздөйт. Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана таратууга жол берилбейт.
Сот отурумдарын тартуу мыйзам талаптары жана сот адилеттигинин кызыкчылыктары сакталып, процесс катышуучуларынын өтүнүчү же соттун өз демилгеси боюнча уруксат берилгенден кийин жүзөгө ашырылат. Видеотасмалар кеңири аудиторияга багытталган жана жарандардын укуктук аң-сезимин бекемдөөгө, укуктук маданиятты калыптандырууга жана коомчулуктун сот бийлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.



