7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы бир район жана үч айылдын аталышы өзгөрөт

686

Садыр Жапаров «Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687