7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Россияга сүт жана балыкты экспорттоого коюлган чектөө алынат

613

Кыргызстандан Россияга сүт жана балыкты экспорттоого коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

20-июнда Ветеринардык кызматын директору Аширбай Жусупов менен Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси С. А. Данкверттин ортосунда онлайн форматта өткөн жолугушууда талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жусупов Кыргызстандын балыкты кайра иштетүүчү жана сүт ишканаларына карата Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузууларын жоюу боюнча зарыл иш-чаралардын комплекси жөнүндө маалымат берди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Россельхознадзор Кыргызстандын «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» балык иштетүүчү ишканаларынан “күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.

Ошондой эле Кыргызстандын «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк» жана «Ала-Тоо сүт» сүт ишканаларынан «күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл» макамы менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынат.

Учурда Кыргызстандын жогоруда аталган ишканаларынан убактылуу чектөөлөрдү алып салуу боюнча Россельхознадзордун расмий ырастоосу күтүлүүдө.

Ветеринардык кызмат КРнын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана ЕАЭБдин ишканаларынын реестрине Кыргызстандын жаңы ишканаларын алардын даярдыгына жараша киргизүү боюнча зарыл иштерди туруктуу режимде жүргүзүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614