7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Өзбекстанга күчтүү дарыларды ташыган канал аныкталды

402

Кыргызстандан Өзбекстанга өтө күчтүү дары-дармектерди, ошондой эле акцизсиз тамеки продукцияларын ташуучу канал аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

23-январда Кадамжай районунун чек ара аймагында Өзбекстандын жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда 1999-жылкы Кыргызстандын жараны кармалган. Аны тинтүү учурунда 396 даана «Тропикамед», ал эми жашаган жеринен (Кыргызстандагы дары-дармек каражаттарынын реестринде катталбаган) 25 даана «Регопен» таблеткасы табылган.

Кадамжайдын тургуну Т.у.М Кыргызстандан Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары аныкталып, тинтүү учурунда ESSE CHANGE үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 млн сомго жакын тамеки продукциясы табылган.

Мамлекеттик бюджетке 2 млн 335 миң сомго жакын зыян келтирилген. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

403