7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан жөнөтүлгөн жардам Кызылорда аймагынан өттү

641

Бүгүн, 8-апрелде “Жардам кербени”  Казакстандын Арал шаарынан таң эрте Актөбө облусуна жолго чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди

Казакстандын аймагында жардам 1500 километрден ашуун жол басып, Жамбыл –  Түркестан – Кызылорда  облустарынын аймагынан өттү.

Аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай, күн-түн жол жүргөн кербенди 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар  министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргызстандын баш калаасынан узаткан.

Суу каптоодон жабыр тарткан элге жол тарткан куткаруучулар курамын жана айдоочуларды министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеп бара жатат. Жалпысынан кербен курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу жана фуралардын 17 айдоочусу бар.

Мындан сырткары Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин кызматкерлери жана жол коопсуздук кызматкерлери коштоп жүрүүдө.

 

642