7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды

1429

Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган.

Маалым болгондой, бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, тоннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси М.А.М. карата, ал адам учурда Жалал-Абад областынына караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда кылмышка тиешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1430