7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүлүктү ШИИБ кызматкерлери 2 миллиондон ашык сомду кымырып алган

631

Сүлүктү ШИИБ кызматкерлери 2 миллион сомдон ашык суммадагы мамлекеттик каражатты кымырып келген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сүлүктү ШИИБнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 млн 482 миң 586 сомду жана ШИИБнин башка кызматкерлерине 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды.

Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндык жалпы суммасы 3 млн 141 миң сомду түзгөн.

Бул фактылар боюнча Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632