7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык органикалык өндүрүүчүлөрү Кытайдын эң ири соода тармагы менен кызматташат

185

Соода-өнөр жай палатасында Казакстандын Кооперативдер жана башка экономикалык коомчулук формаларынын улуттук ассоциациясы (NACOFEC) Кытай рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн берген программасын сунуштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, экспорттук коридорлорду ийгиликтүү өнүктүрүп жаткан уюм Бишкекте биринчи жолу өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, кыргыз ишкерлерине Кытайдын чекене соода тармагы болгон China Co-opко түз кирүү мүмкүнчүлүгүн берди.

Кыргызстандык органикалык өндүрүүчүлөр өз продукцияларын Кытайдагы 341 миңден ашык соода түйүндөрүн бириктирген China Co-op тармагында сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев Кытай рыногу экономиканы көтөрөрүн айтып, казакстандык өнөктөштөр тажрыйба бөлүшүүгө жана лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

NACOFECтин президенти Казыбек Шайх өндүрүүчүлөрдү бириктирүү жана Кытайга продукция сатуу үчүн «жашыл коридор» түзүү кыргызстандык таза азыктарды жайылтууга жол ачарын белгиледи

Иш-чара NACOFEC менен Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу менен аяктады.

186