7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык энергетиктер Татарстанда чыңалуу боюнча окуудан өтүшүүдө

6
Кыргызстандын энергетиктери Татарстанда чыңалуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Энергетика министри билдирет.

Маалым болгондой, башка өлкөлөр менен кызматташуунун алкагында энергетика тармагында тажрыйба алмашуу, заманбап технологиялар менен окутууларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Буга ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын 8 адамдан турган 2 бригадасы Татарстандын Заинск шаарында 1000В чейин чыңалуудагы аба, кабелдик электр берүү чубалгыларында жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жумуштарды алып барууну үйрөнүү үчүн билимин жогорулатып, тажрыйба алмашууда. Аталган окутуулар 1-декабрдан 16-декабрга чейин өткөрүлөт.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча бригадалардын коопсуздугу үчүн чыңалууну жөнгө салуу учурунда жеке коргонуунун жаңы комплекттери менен жабдуу маселеси каралган.
7