7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди 

760

Көк Бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстандын курама командасын 5:0 эсебине жеңип алды.

Чечүүчү 3-таймда, Казакстан курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок.

Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.

Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатылып алынган атын, Түркияда жашаган Вандык кыргыздарга тапшырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761