Бүгүн, 2-октябрь Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көкпар боюнча Кыргызстан Казакстан беттеши өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдирди.
Беттештин алгачкы айланпаларында эки команда бирдей 3:3 упайга ээ болсо, чечүүчү бөлүктө Казакстан бир упай менен алдыга чыгып жеңүүчү болду.