7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык кикбоксчулар дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло медаль жеңди

175
21-30-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өткөн кикбоксинг боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасы ийгиликтүү катышып, эки алтын жана бир коло медаль жеңди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
60 кг салмак категориясында Ахрор Розбаев чоңдор арасында дүйнө чемпиону аталды.
51 кг салмак категориясында Ходжиакбар Камбаров да чоңдор арасында дүйнө чемпиону болду.
Мындан тышкары, ардагерлер арасында Тахир Марасулов дүйнө чемпиону наамына ээ болду.
Чоңдор арасында Нурбек Валижонов коло медалды жеңди.
Аталган ири спорттук иш-чарага 150 өлкөдөн 2 000 спортчу катышты. Чемпионат Бириккен Араб Эмирлигинин Муай-тай жана Кикбоксинг федерациясы тарабынан Дүйнөлүк Кикбоксинг Уюмдары ассоциациясы (WAKO) менен биргеликте уюштурулду.
176