7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандыкты аёосуз сабаган орусиялык милиционерлер. ТИМ кандай чара көрүүдө?

3761

Кечээ, 2-ноябрда Россиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видео социалдык түйүндөрдө тараган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2-ноябрда болгондугу аныкталды. Ошондой эле Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районунун милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргызстандын жаранынын өздүгү такталды.

Элчилик Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Москва шаары боюнча Россиянын ИИМнин башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Россиянын Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду.

Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.

Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3762