7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын айымдар курама командасы Тажикстанды 5:0 эсебинде жеңип алды

377

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстандын U-18 айымдар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын — CAFA U-18 Women’s Championship эл аралык мелдешинин жыйынтыктоочу туру алкагында Тажикстанга каршы кез келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлайт.

Ташкент шаарында орун алып жаткан бул мелдешке Кыргызстандан сырткары Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курама командалары катышууда.

Бүгүнкү беттеш курама командабыздын 5-0 эсебиндеги ири эсеп санындагы жеңиши менен аяктады.

Голдордун авторлору — Сумая Махаматсалиева (17′), Анеля Асанбекова (27′), Акылай Мейманалиева (30′), Акмарал Саякбаева (66′, 68′).

«Испаниялык адис Антонио Месанын жетекчилиги алдындагы биздин курама бул мелдештин алкагында буга чейин Иран жана Түркмөнстан курамаларын 1-0 эсебинде утуп, Өзбекстандан 3-0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Жыйынтыгында, курамабыздын капчыгында 9 упай бар, ал эми мелдештин жалпы жыйынтыгы бүгүнкү Өзбекстан-Иран беттешинен кийин белгилүү болот», — делет маалыматта.

 

378