7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат

243

Бүгүн, 2025-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкө боюнча 2492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1324 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн.

Алардин ичинен:

•    жаш курагы боюнча – 3 511;
•    майыптыгы боюнча – 2 134;
•    ден соолугуна байланыштуу – 4 008;
•    айрым категориялардын өкүлдөрүнөн – 676;

Белгилей кетсек, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү — добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда саат 08:00дөн 20.00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.

244