7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстандын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

100

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамга ылайык бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылууга тийиш.

Мыйзамда коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күнгө чейин кыскартылды, ал эми коомдук талкуулоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча иш-чаралар уюштурулган учурда коомдук талкуулоонун мөөнөтү 10 календардык күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Мыйзамга ылайык коомдук талкуулоо төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талап кылынбайт:

– Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу;

– редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;

– коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу;

– убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган;

– Президент жана Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн Президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын демилгеси боюнча Жогорку Кеңешине киргизилүүчү;

– ал жеткис жагдайлардын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле, Мыйзамга ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт: — ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда; — колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо. Ушуну менен бирге, Мыйзамга ылайык жаңы коомдук мамилелердин иштешин апробациялоо максатында президент бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.

101