7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» жана «Ош» аэропортторунун учуп-конуу тилкелери жаңыланат

124

«Манас» жана «Ош» аэропортторунун учуп-конуу тилкелери жана перрону толук кандуу реконструкцияланат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынан билдирди.

Төрага Манасбек Самидинов «Манас» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси жана перронун толук кандуу реконструция иштеринин башталышына даярдыгы менен таанышты.

Ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында «Кыргызстан аэропорттору» ААК Кытайдын China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясы менен келишим түзүп, аталган компания «Ош» жана «Манас» аэропортторундагы учуп-конуу тилкесин, перронун жана авиациялык жарык белги берүүчү жабдууларына реконструкция иштерин жүргүзөт. Бул иш-чара аэропорттордун эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана авиациялык коопсуздукту кыйла жакшыртат.

Самидинов подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясынын жетекчилиги менен жолугуп жасала турган иштерди так, сапаттуу жана авиациялык коопсуздукту сактоо менен өз убагында бүтүрүү талабын койду.

«2025-жылдын аягына чейин «Манас» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин, перронун, жарык белги берүүчү жабдууларын толук кандуу алмаштырып оңдоо алдыңкы пландарыбызда турат. Реконструкцияны подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясы жүзөгө ашырат. Бүгүн биз аталган компаниянын иш баштоо алдындагы жасалган жумуштарын көрүүгө келип отурабыз. Учурда атайын база жана куруучулар үчүн жатакана курулду, асфальт-бетон заводу даярдалып жана ишти баштоо үчүн бардык керектүү инфраструктура түзүлдү», — деп билдирди ал.

Бул модернизациянын маанилүү аспектилеринин бири – эки аэропорттогу жарык белги берүүчү жабдууларды үчүнчү категорияга чейин жогорулатуу болуп саналат. Бул болсо ар кандай аба ырайы шарттарында аэропорттун ишенимдүү иштешин камсыз кылат.

Ошондой эле реконструкция иштери “Манас» эл аралык аэропортунда жыйынтыкталгандан кийин, жогоруда аталган бардык иштер «Ош» эл аралык аэропортунда подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясы аркылуу аткарылмакчы.

125