7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы эң кооз көлдөрдүн бири болгон Сары-Челекке саякат

681

Сары-Челек көлү — Кыргызстандын эң кооз көлдөрүнүн бири. Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүндө, Чаткал кырка тоосунун этектеринде, 1940 метр бийиктикте жайгашкан. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, ал 10 миң жыл мурда катуу жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон. Көл 7,5 кмге созулуп, орточо тереңдиги 98 м жана эң жогорку тереңдиги 234 м ге жетет. Сары-Челекте көзгө урунган биринчи нерсе — суунун укмуштуудай тунуктугу. Бул Тянь-Шань көлдөрүндө сейрек кездешет.

Адатта, тоо көлдөрүндө минералдык аралашмалардын көптүгүнөн суу тунук эмес болот. Бирок Сары-Челек өзгөчө болуп саналат десек болот. Жайкысын тоолуу көлдүн температурасы +19,8°Сден жогору көтөрүлбөйт, ал эми кышында 0°Сден +4°Сге чейин сакталат. Декабрда көлдүн бетин муз каптап, көбүнчө апрелде эрийт. Түндүктөн сууга чейинки жээк капталдарын чытырман карагайлар басып турат. Ал эми түштүк жээгинде жаңгак, жапайы алма, алмурут дарактары көп өсөт.

Сары-Челек көлү мамлекеттик коруктун аймагында жайгашкан. Коруктун аймагы 23,8 миң гектарды түзөт. Корукка алынган жерлерде тоо эчкиси, аюу, түлкү, элик, аркар, марал, кирпи, суур, жапайы каман, ондатр жаныбарлары кездешет. Мындан сырткары канаттуулардын 157 түрү бар. Корукта аңчылык кылууга тыюу салынган.

Көл жөнүндө жергиликтүү калктын арасында көптөгөн уламыштар айтылып келет. Кээ бири Сары-Челектин жээгинде балчы жашап калган. Коруктун тегерегиндеги гүлдөрдөн чогултулган бал, суюк алтынга окшош болгондуктан, балчы көлдү сары балга толгон челекке салыштырган деп айтышат. Ал эми башка уламыштар боюнча, көлдө Сары аттуу карыя талдын бутактарын челек жасап, элдерге белек кылчу экен. Жергиликтүү эл “Сарынын челеги” деп атып, көл “Сары-Челек” деген атка конгон делет.

Сары-Челекке саякаттоо үчүн эң жакшы убакыт — июнь айынан сентябрь айына чейин. Туристтер атактуу көлдү көрүү, кооз пейзаждарына суктануу, таза аба менен дем алуу, тоолорго чыгуу, ошондой эле түрдүү жапайы мөмөлөрдү жана чыныгы балды даамдап көрүү үчүн келишет. Сары-Челектин күзүндө өзгөчө, көлдү курчап турган токойлор сары жана кызгылт сары түскө боёлгон учуру көздүн жоосун алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682