Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-майда «Ак-Жол-Автодорожный» өткөрүү пунктунда, жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок Казакстан тарапка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстандын жараны кармалган.
Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.