7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын футболчулары Иранга жеңилип калды

539

Исфахан шаарында өткөн футболдук беттеште Кыргызстандын командасы Иранга 1:0 эсебинде утулуп калды.

Оюндагы жалгыз голду 34-мүнөттө Иран курамасынын чабуулчусу Мехди Тареми киргизди. Ал эми, экинчи бөлүктө Максим Лисицындын оюнчулары чабуул жана атаандаштын дарбазасына көптөгөн соккуларды жаратканына карабастан эсеп сан өзгөргөн жок. Ошентип беттеш, Иран курамасынын жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Акшумкарлар кийинки беттешин 10-сентябрь күнү Өзбекстанга каршы өткөрөт. Беттеш борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө башталат.

540