Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатынын 3 (В) дивизионуна катышып, улуттук курама команда жеңиш менен баштады.
Маалыматка ылайык, 27-февралда турнирдин ачылышында орусиялык машыктыруучу Михаил Чеканов баштаган хоккейчилерибиз Сингапурду 14:2 эсебинде утуп алды.
Кыргызстандын курама командасынын кезектеги беттеши 1-мартта муз ээлери – Босния жана Герцеговина курама командасы менен өтөт.
Мелдешке алты мамлекеттен Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия жана Сингапурдан келген курама командалар күч сынашууда.