Бишкекте аял жарандык күйөөсү тарабынан анын жашы жете элек кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп арызданган. Бул тууралуу Ленин РИИБден 7-каналга билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январь күнү милицияга аял кайрылып, анын жарандык күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анын 2014-жылы туулган кызына жарандык жолдошу тарабынан сексуалдык ыдык көрсөтүлгөн.
«Бул факты Свердлов РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат”,-деп берилет маалыматта.