Түркиянын Малатья провинциясында болгон акыркы жер титирөөдөн бир адам каза болуп, 110 жаран жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 29 имарат урап, 32 адам урандылардын астынан куткарылды.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталган.