7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын кикбоксинг курама командасы дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди

556

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына 4 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен 1 алтын 1 күмүш жана 2 коло медаль.

42 кг чейинки салмакта Даниель Дрожжаков кик-лайт версиясы боюнча алтын медалга, Самир Лю 60 кг чейинки салмакта лоу-кик версиясы боюнча күмүш медалга ээ болду.

Ал эми Робия Исраилова (42 кг кик-лайт) жана Улукбек Аскарбеков (51 кг лоу-кик) 3-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучу Маралбек Давлеткулов жана улук машыктыруучу Рустам Ибрагимов жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

557