7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын мечиттеринде Түркиядагы зилзалада курман болгондорго багышталып Куран окулду

599

Бүгүн, 10-февраль күнү Борбордук «Имам Сарахси» мечитинде жер титирөөдөн жабыр тарткан боордош Түркия мамлекети үчүн Кыргызстан боюнча окулган 1542 толук Куран хатмынын жана 4444 салаваттын сообу багышталып, дубалар кылынды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Табият кырсыгынан жабыр тарткандарга Куран окутуу саамалыгына КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Түркия Жумхуриятынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган дин ишмерлери жана калаа тургундары катышты.

Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев Түркия жана Сирия аймагында катталган зилзалада каза болгондор үчүн ырайым, ал эми жаракат алгандар үчүн шыпаа тиледи.

«Түркия мамлекети күчтүү эл. Түрк туугандар жыргал кезде шүгүр, сыноо келген кезде сабыр кылганды билген эл. Далай кыйынчылыкты жеңип келген эл. Кудай буюрса, бул кырсыкты да тез эле жеңип өтөт. Биз боордош Түркия жумхуриятына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алла Таалам каргашалуу кырсыкта набыт болгондорду өз ырайымына алсын. Жарат алгандарга шыпаа берсин. Түркия мамлекетине сабыр, күч-кубат тилейм. Алла Таалам жар болсун».

Ал эми Тойгонбай Абдыкадыров бир тууган Түркия мамлекетине бекем сабыр тилеп, алардын кайгысын кыргыз эли оор кабыл алганын, боордошторго жардам үчүн өлкө боюнча бирдиктүү эсеп ачылганын белгилесе, Түркия Жумхуриятынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган Кыргыз өлкөсүнүн көрсөтүп жаткан материалдык жана моралдык жардамдары үчүн ыраазычылык билдирип, бул оор күндөрдү биргеликте жеңип өтөрүн билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600