7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын ММА боюнча курамасы Дүйнө чемпионатында беш алтын утту

612

Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы (ММА GAMMA) Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 9 медаль утту. Анын бешөө алтын, төртөө коло.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Дүйнө чемпионаты 5-10-декабрь күндөрү өтүп, ага 40 ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан.

Улуттук курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:

  • Дооронбек Кылычбек уулу (52.2 кг);
  • Жаныбек Абдувалиев (61.2 кг);
  • Айжигит Эркебай уулу (70.3 кг);
  • Белек Абдижапаров (83, 9 кг);
  • Манас Темирбеков (94 кг).

Коло медаль уткандар:

  • Адилет Алимбай уулу (65 кг);
  • Дастан Жумабек уулу (94 кг);
  • Эржан Бексултанов (77 кг);
  • Мухамед-Шах Мустафакулов (65 кг).

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу жана улук машыктыруучу Айбек Бакасовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

613