Буга чейин соц.тармактарда 100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Сузак райондук ооруканасынын коридоруна жаткырып коюшкан сүрөт тараган.
Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору менен байланышканыбызда, учурда ардагер палатада экенин айтты.
«Бул ардагердин табы көтөрүлүп, Тез жардам кызматы менен ооруканага түшкөн. Келген учурда ошол жерге жаткырып, изилдөөлөрүн өткөргөнчө сүрөтүн тартып, социалдык тармактарга таратып жибериптир. Азыр палатада жатат, абалы жакшы», — деди.