7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын Россиядагы Элчиси мекендештерге кайрылды

257

2025-жылдын 30-июнунан тарта, Россия Федерациясынын аймагына кирүү-чыгуунун жаңы эрежелери күчүнө кирет.
❗ Жаңы талаптарга ылайык, Россиянын аймагына келе жаткан чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар, RuID мобилдик тиркемесин телефонго жүктөп алып, 72 сааттан кечиктирбестен, аталган тиркеме аркылуу арыз берүү зарыл.Аталган тиркеме — алты тилде, анын ичинде кыргыз тилинде жеткиликтүү болот. Россияга келе жаткан жаран, бул тиркеме аркылуу келе жаткан сапарынын максатын, датасын жана жеке маалыматтарын, ошондой эле Россияда жүрүү мөөнөтүн көрсөтүү зарыл.
❗ Эгерде жаранга карата Россияга кирүүгө чектөө жок болсо, QR-код алып, ошо менен чек арадан өтүүгө болот.Тиркемеде, Россияга кирүүгө тыюу салынганы тууралуу маалыматтарды текшерүү функциясы да жеткиликтүү, башкача айтканда «кара тизмеде”, “реестрде” бар же жогуңарды текшерип алсаңыздар болот.Урматтуу мекендештер!Россиянын миграциялык талаптарын так сактап, жергиликтүү элдин каада-салтын сыйлап, убакыт келгенде, Мекенибизге аман-эсен кайтууңуздарга тилектешмин!Көңүл бурганыңыздарга рахмат!

258