7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын «Сальвадор Дали» тасмасы эл аралык фестивалда байгеге ээ болду

664

Кыргызстандын «Сальвадор Дали» тасмасы Индияда өткөн эл аралык кинофестивалда байгеге ээ болду. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы билдирди.

Элдияр Мадакимдин кыска метраждуу тасмасы «Мыкты балдар актёру» наамын жеңип алган. Тасма 2021-жылы “Айтыш фильм” киностудиясынын базасында улуттук киностудиянын колдоосу менен тартылган. «Сальвадор Далиде» режиссёрдун өзүнүн балалыгы тууралуу баяндалат. Ал тоодо жашаган чоң апасынын колунда тарбияланган. Күн сайын бала мектепке жетүү үчүн узак жол басып, дарыяны кечип өтүүгө аргасыз болот. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665