Өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз»,- деп жазды өлкө башчы.