7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын суу ресурстары ГИС-технологиялар аркылуу көзөмөлдөнө баштайт

199

Суу ресурстары кызматы «Суунун бирдиктүү маалыматтык системасы» (АИС ЕИСВ) автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Система ирригациялык объектилерди жана суу пайдалануучуларды бирдиктүү санариптик базага бириктирет. Бул сугат суусун берүүнү пландаштырууга, керектөөнү эсепке алууга жана суунун сапатына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Платформанын курамына геомаалыматтык технологиялар (ГИС) интеграцияланган, алар жер үстүндөгү суу ресурстары, ирригациялык системалар, суу чарба курулмалары жана сугат жерлери боюнча маалыматтарды, айдалган айыл чарба өсүмдүктөрүн эске алуу менен жүргүзүүнү камсыз кылат.

«Суунун бирдиктүү маалыматтык системасы» 2026-жылдын башында толук ишке кирет. Кийинчерээк ал этап-этабы менен жаңыланып, мамлекеттик кызматтар автоматташтырылат жана суу пайдалануучулар үчүн санариптик сервистер ачылат.

200