7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын түштүк аймагындагы аэропорттор кыш мезгилине даяр

593

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Ош филиалы, «Раззаков», «Баткен», «Жалал-Абад» жана «Караван» аэропортторунда кыш мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө.

Жүргүнчүлөрдү да, учактарды да үзгүлтүксүз, өз убагында жана сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүчү кызматтар жана атайын техникалар толук даяр. Техникалык тейлөө учуунун жана авиациялык коопсуздуктун бардык зарыл чараларын эске алуу менен жүргүзүлөт. Учурда бардык кызматтар теориялык жана практикалык аттестациядан ийгиликтүү өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатышты.

«Өткөн жылы өлкөнүн түштүк аймагындагы аэропорттордо олуттуу чоң өзгөрүүлөр болду. Материалдык-техникалык база чыңдалып «Ош», «Караван», «Раззаков”, «Баткен», «Жалал-Абад», аэропорттору реконструкциялоо, модернизациялоодон өттү. Биз кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулаттык, бул жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жана учуунун коопсуздугун жакшыртууга жардам берет. Ал эми жаңы ачылган каттамдар жүргүнчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү бермекчи. Биздин бардык аракеттерибиз Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын жана жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга багытталган», — дейт «МЭК» ААК Ош филиалынын директору Тимурлан Маданбеков.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594