Өлкөнү Аскар Акаев башкарып турган мезгилде мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы 120%дан ашып кеткен. Курманбек Бакиевдин учурунда бул көрсөткүч 70-80%га жеткен учурлар катталган. Роза Отунбаеванын мезгилинде 60%дын тегерегинде болсо, Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда болжол менен 58% деңгээлинде болгон. Сооронбай Жээнбековдун учурунда пандемиянын таасири менен 68%га чейин көтөрүлгөн.
Ал эми Садыр Жапаровдун мезгилинде мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 39%га чейин төмөндөдү. Бул акыркы ондогон жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири.
Башкача айтканда, өлкөнүн бир жылдык экономикасынын көлөмүнө салыштырганда мамлекеттик карыз 39%ды түзөт.
Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык институттар мамлекеттик карызды анын көлөмү боюнча гана эмес, аны тейлөө жана төлөө мүмкүнчүлүгү аркылуу да баалашат.
39% деңгээл эл аралык практикада коопсуз көрсөткүч катары эсептелет. Эгер бул каражаттар инфраструктуралык ири долбоорлорго, ГЭСтерге, өндүрүшкө жана финансылык институттардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жумшалса, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү дагы өсөт.
Ал эми каражаттар күнүмдүк чыгымдарга же натыйжасыз долбоорлорго сарпталса, анда келечекте бюджет үчүн кошумча жүк жаратышы мүмкүн.
Ошондуктан карыздын көлөмүн гана эмес, анын кандай максаттарга пайдаланылып жатканын талдоо алда канча маанилүү.



