7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» жетекчисинин орун басары кармалды

381

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам одно бузулуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүлгөн. Бир тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен эки айга камакка алынды, тергөө иштери уланууда.

382