7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын жарандарына Орусиянын 3 аймагына барбай туруу сунушталат

431

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын Орусиянын үч аймагына барбай турууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Курск облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими, ошондой эле Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына учурдагы абал турукташканга чейин Орусиянын аталган субъекттерине баруудан убактылуу карманууну сунуштайт.

Ошол эле учурда, зарылдык келип чыкса, Кыргызстандын жарандары элчиликтин төмөнкү телефондоруна кайрылып, тиешелүү жардам же кеңеш алса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.

432