7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын жарандарына Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды

905

Ушул жылдын 16-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясына кирүүгө, ошондой эле Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Россия Федерациясынын Өкмөтү кабыл алды.

Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906